• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Айдоочулардын эсине: Бишкек-Ош унаа жолунда 5-декабрга чейин карды аткылап түшүрүү иштери жүрөт

Коом 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Кар көчкү коркунучуна байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында карды мажбурлап аткылап түшүрүү иштери жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-декабрына чейин унаа жолдун 132-137, 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында карды аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүсүн атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий