Бишкек-Ош унаа жолунда көчкү түшүү коркунучу жогору болууда

Аймак 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

12-февралынан 14-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Ушундай абал Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-179-чакырымдарында (Талдык, Катынарт ашуусу), 218-224-чакырымдарында (Тоң-Мурун ашуусу), Сары-Таш-Кара-Мык унаа жолунун 98-123-135-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий