Бишкек, 18.12.17./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болгон.
ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, каза болгондордун жана жабыркагандардын өздүгү такталды.
Алар:
Жабыркагандар:
- 1994-жылы туулган Э кызы А., Аксы районунун Жылгын айылынын тургуну;
- 1985-жылы туулган К. С., Аксы районунун Жылгын айылынын тургуну;
- 1979-жылы туулган Э. М., Аксы районунун Кызыл-Туу айылы Кара-Ой тилкесинин тургуну. Токтогул райондук ооруканасына жеткирилишкен.
Каза болгондор:
“СтепВагон” унаасында:
1. Айдоочусу - 1979-жылы туулган А. К., Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну;
2. Жүргүнчү-1966-жылы туулган Б.К., Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну.
“Хундай Гетц” унаасында:
1. Айдоочусу-1980-жылы туулган Туулу Н., Токтогул шаарчасынын Бердалиев көчөсүнүн №74 үйдүн тургуну;
2. 1980-жылы туулган Ж. Э., айдоочунун жубайы;
3. 2014-жылы туулган Н кызы М., айдоочунун кызы;
4. 2016-жылы туулган Н уулу Б., айдоочунун уулу;
5. 1963-жылы туулган С.Б., айдоочунун жеңеси.
Эске сала кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагылышкан. Окуя 16-декабрда болжол менен саат 18:00 чамасында катталган.
Учурда кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий