Бишкек – Ош унаа жолунда кыян жүрүп, каттам убактылуу жабылды

Кырсык 0


Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Бишкек — Ош унаа жолунун 104-105-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол иштерин текшерүү үчүн Төө-Ашуу тарапка бара жаткан транспорт министри Тилек Текебаев кырдаалды жеринен көрдү.

"Учурда жерине атайын техникалар тартылууда. Министр жолго түшкөн кум-шагыл аралашмасын тез арада тазалап, унаа каттамын ыкчам түрдө жандантуу тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий