• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкек – Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

Аймак 0


Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө толук чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарга кар жаагандыгына байланыштуу “Сосновка”, “Чычкан”, көзөмөл өткөрмө жайынан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына толугу менен чектөөлөр киргизилди.

Жол ачылганда кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий