Бишкек, 04.12.17./Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 396-чакырымында жолдун жээгинде дүкөн жана ашкана түрүндө колдонулган 3 контейнер товарлары менен толук күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерде ашпозчу 1966-жылы туулган Төрөбаева Салия Асаналиевна денесинен 60-70%, 2-3-даражадагы күйүк алган. Ал Каракөл шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий