• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагышып, айдоочулар жаракат алышты

Кырсык 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 140-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) "Лада" жана "Хонда-Степ" үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын эки унаанын айдоочусу тең женил жаракат алышкан.

"Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Абалдары канааттандыраарлык", - деп кошумчалашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий