Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бүгүн саат 08:35те Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери уланууда.
Ишкана айдоочуларга ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгууну жана 500 метр аралыкты сактоону эскертет.
Пикир
Оставить комментарий