Бишкек россиялык туристтерде белгилүү КМШ шаарларынын топ-10 тизмесине кирет

Коом 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. ТурСтат аналитикалык агенттиги 2017-жылдын май майрамдарындагы саякат үчүн россиялык туристтерде эң белгилүү КМШ шаарларын аныктады.

Рейтинг отелдерди онлайн-брондоо тутумунун маалыматтарын талдоонун негизинде түзүлдү.

Минск, Тбилиси, Алмата, Баку, Астана, Ереван, Киев, Ташкент, Бишкек жана Кишинев быйылкы жылы россиялык туристтерде белгилүү болгон КМШ шаарларынын биринчи онун түзөт.

Кыргызстандын борбору россиялык туристтерде белгилүүлүгү боюнча 9-орунда турат.

ТурСтаттын маалыматы боюнча, Кыргызстан боюнча тур учурунда россиялык туристтер Бишкекке орточо 1,5 күнгө токтошуп, жашаш үчүн суткасына 2 мин рубль төлөшөт.

Минск шаарына россиялык туристтер орточо 3 күнгө барышып, отелде дашоо үчүн 3,2 миң рубль төлөшөт. Тбилисиде россиялык туристтер орточо 4 күнгө (суткасына 2,9 миң рубль), Алматага 4,5 күнгө, Бакуга – 3,5 күнгө, Ереванга – 3 күнгө, Ташкентке – 2 күнгө барышат. Туристтер үчүн жашоо Бишкекте жана Кишиневдо арзан, эң кымбаты – Астанада.

Россиялык туристтерде эң белгилүү КМШ шаарлары:

Минск (Беларусь);
Тбилиси (Грузия);
Алмата (Казакстан);
Баку (Азербайжан);
Астана (Казакстан);
Ереван (Армения);
Киев (Украина);
Ташкент (Өзбекстан);
Бишкек (Кыргызстан);
Кишинев (Молдова).

Пикир

Оставить комментарий