• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп Бекжан Усеналиев шайланды

Коом 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн XXIX чакырылыштагы шаардык кеңештин кезектеги 1 сессиясы өтүп, күн тартибине ылайык маселелер каралды.

Кеңештен билдиришкендей, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп “Адилет” фракциясынан депутат Бекжан Усеналиев шайланды.

Ал эми төраганын орун басарлары болуп штаттык ырааттамага ылайык “Жаңы күч - Новая сила” фракциясынан депутат Жылдызбек Абдраимов, ал эми коомдук башталышта “Эл үмүтү” фракциясынан депутат Болот Ибрагимов шайланды.

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы шайланган төрагасы Бекжан Усеналиев XXIX чакырылыштын жаңы курамын алган мандаттары менен куттуктап, бардыгына ийгиликтерди каалады.

Ал шаардын жана шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн бирдиктүү, ырааттуу иштөө зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий