Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого талапкерлигин көрсөткөн 17 жаран тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңешке 18 партиядан 1 миң 258 талапкер тизмеге катталган.
“Бүгүнкү күндө 1 миң 238 талапкер катталган. 17 жаран тизмеден чыгуу боюнча өз арыздарын жазган”, - дейт ал. Стамов Бишкекте 426 миң 699 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ экендигин айтат.
“Кечээ тилкеден тышкары 2 миң 277 шайлоочу добуш берди”, - деди ал.
Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.
Пикир
Оставить комментарий