Бишкек шаардык соту экс-мэр Албек Ибраимовду камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Экс-мэр Албек Ибраимовду камакта калтырышты, ал СИЗОдо болот. Мындай чечимди бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Сот Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесаревдун Биринчи май райондук сотунун тергөө изоляторуна камоо боюнча чечимине болгон арызын карап чыккан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында соттук коллегия райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну чечти.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында Албек Ибраимовдун 50гө жакын тарапташы чогулду.

Пикир

Оставить комментарий