Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бишкек шаардык соту президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду камакта калтырды.
Шаардык соттун басма сөз кызматы билдиргендей, соттук коллегия райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Эскерте салсак, Фарид Ниязов 2020-жылдын 5-6-октябрындагы шайлоодон кийинки башаламандык уюштуруу фактысы боюнча кармалган. Аталган иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, экс-депутат Равшан Жээнбеков дагы өтүүдө.
Пикир
Оставить комментарий