• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бишкек шаардык сотунун судьялары дайындалды

Президент 0

Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо кеңешинен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун ысымына Бишкек шаардык сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн 4 талапкер боюнча сунуш киргизилген.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, 2018-жылдын 17-январында Мамлекет башчысы ал талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктары, кошумча берилген материалдар менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын Президенти Бишкек шаардык сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн 3 талапкер боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин сунушун колдоду.

Талапкерлердин бири боюнча материалдарды, мамлекеттик түрдүү органдарынан кошумча түрдө талап кылынып алынган маалыматтарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы бул талапкерди жогоруда аталган соттун судьялыгына дайындоо боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо кеңешине кайтарып берди.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер жана Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан айрым судьялар боюнча Мамлекет башчысы Жарлыктарга кол койду.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо кеңешинин сунушу боюнча ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек шаардык сотунун 8 судьясынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 17-январынан тартып токтотулду.

Экинчи Жарлык менен тандалып алынган 3 талапкер - Албанова Джумагуль Кубегеновна, Алыбаев Азамат Артельевич жана Горшковская Ирина Вадимовна Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматына дайындалды.

Үчүнчү Жарлык менен дайындалган судьялар Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий