• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

"Бишкек шаардык транспорт" ишканасы айдоочуларды ишке чакырат

Коом 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди өз командасына чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага 21 жаштан 63 жашка чейинки айдоочулар талап кылынат. Милдеттүү талап – “D” категориясы бар айдоочулук күбөлүк жана 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Белгилей кетсек, ыңгайлуу иштөө жана квалификацияны жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Мындан тышкары, экономист жана базанын ичиндеги айдоочулар талап кылынат.

Экономистке коюлуучу талаптар — жогорку билими жөнүндө диплом, ал эми айдоочуларга коюлуучу талаптар - “D” категориясы бар айдоочулук күбөлүк жана 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Толук маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номерине кайрылуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий