"Бишкек шаардык транспорт" ишканасы айдоочуларды ишке чакырат

Коом 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди өз командасына чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага 21 жаштан 55 жашка чейинки айдоочулар талап кылынат. Негизги талап "D" категориясы бар айдоочунун күбөлүгү болуп саналат.

Ошондой эле склад башчысы да керек. Айлыгы 27 миң 800 сом. Талаптар: 1c программасын билүү жана жогорку билими тууралуу диплом.

Толук маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номерине кайрылсаңыздар болот.

Белгилей кетсек, иштөө үчүн ыңгайлуу шарттар жана квалификацияны жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий