Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. 12-январга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, Кыргызстан “сары зонада”, ал эми Бишкек шаары “кызыл зонада” турат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Буга байланыштуу:
- калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камтууну жогорулатуу;
- коомдук жайларда (өзгөчө коомдук унааларда, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында) эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү;
- чектөө чараларын киргизүү жана сактоо зарыл.
Пикир
Оставить комментарий