• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек шаары Сооронбай Жээнбековду тандайт!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Октябрь, Биринчимай, Свердлов райондорунун жашоочулары менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларга Мамлекетте жана Бишкек шаарындагы көйгөйлөрдүн баарын чечүүнүн жөнөкөй жана түшүнүктүү жолдору жазылган «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!» аттуу программасын сунуштады. «Эми бизде реформаларды улантуу үчүн бекем пайдубалыбыз бар. Алдыбызда олуттуу жана маанилүү өзгөрүүлөр күтүп турат. Анын ичинде - Бишкек шары менен бишкектиктердин жашоо-турмушунда да. Биринчи кезекте – чакан жана орто бизнести колдоого алабыз. Өнөр-жайга колдоо көрсөтөбүз. Жолдорду курууну улантабыз. Эми стратегиялык трассаларды гана эмес, ички жолдорду да калыбына келтирип, оңдоп-түздөгөнгө мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Анын ичинде Бишкектин борбордук көчөлөрү гана эмес, жаңы конуштардын, микрорайондордун ички көчөлөрү да оңдолуп-түздөлүп, тартипке келтирилет. Биз Бишкектин мэринин шаардык инфраструктураны: мектептерди, ооруканаларды, коомдук транспортту, электр түйүндөрүн өнүктүрүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу боюнча иш-аракеттерин колдоого алабыз», - деп белгиледи талапкер.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков шаардыктарды Карылар күнү менен куттуктап, ал үчүн эң маанилүү маселелердин бири – айлык акыларды жана пенсияларды көбөйтүп туруу экенин белгиледи. «Мен пенсияларды эки эсе көбөйтөм. Биздин пенсионерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бардык аракетимди көрөм», - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбековду бишкектиктер бүт жерде кубаттоо менен тосуп алышып, ал жөнүндө жылуу сөздөрүн аяшпады. Шаардык интеллигенциянын өкүлдөрү, врачтар, мугалимдер, спортчулар, диаспораларды өкүлдөрү жана жөнөкөй жумушчулар – бардыгы талапкерге колдоо көрсөтүшүп, реалдуу нерселер жасалган системага ишене тургандарын билдиришти. «Биз Сооронбай Жээнбековг оишенебиз! Ал куру убадаларды бербейт, убада кылса – анны аткарат. Ушунча жылдан бери ал тажрыйба жана билим топтоп, өзүн олуттуу жана туруктуу саясатчы, сабаттуу адис катары көрсөтө алды. Премьер-министрдин кызматында анын өкмөтү бардык тармак боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетишти. Муну менен ал элдин ыраазычылыгын ажана президент менен парламент тарабынан жакшы баага татыды. Биз бүгүнкү күндө булл маанилүү кызматка Сооронбай Жээнбековдон башка татыктуу талапкер көрбөй жатабыз», - деп белгилешти бишкектиктер.

Талапкерге карата колдоо сөздөрүн «Дордой» ассоциациясынын вице-президенти Сергей Пономарев, «Иттипак» уйгур диаспорасынын өкүлү Артык Хаджиев, КР Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов жана Бишкек шаарынын башка жашоочулары сүйлөдү.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 02.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий