• 84.2
  • 92.94
  • 0.93

Бишкекте 11 чакырымга созулган канализациялык коллектордун курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 03.02.22. /кабар/. Бишкек шаарында 11 чакырымга созулган канализациялык коллектордун курулушу уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, канализациянын курулушу “Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорунун II фазасынын алкагында жүрүп жатат.

"2022-жылдын башында 1100 метр канализация түтүктөрү тартылган. Курулуш Ленская көчөсүн бойлой эки тилкеде: шаардык тазалоочу жайлардан Чоң Чүй каналына чейин жана Чоң Чүй каналынан Фучик көчөсүнө чейин параллелдүү жүргүзүлүүдө. Шаардын түштүк-батыш тарабындагы социалдык объектилерди, жеке жана көп батирлүү үйлөрдү канализация түйүндөрүнө кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Долбоор боюнча канализациянын жалпы узундугу 11 чакырымды түзөт. Курулуш эл аралык уюмдардын насыялык жана гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий