• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаарында бильярд боюнча биринчилик өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Бишкектеги "PAVO" бильярд клубунда “Эркин пирамида" боюнча бильярддык спорт боюнча олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөр мектебинин биринчилиги өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Оюнга 2002-жылы туулган балдар жана кыздар катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча Таштанбеков Нурсултан Назарбаев 1 – орунду, Байдөөлөт Толонбаев 2-орунду, Азамат Амираев жана Артур Огобаев 3-орунду ээлешти.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын алдындагы бильярд жана велосипед спорту боюнча ОРАБӨСМ уюштурду.

Иш – чаранын максаты спортчулардын спорттук чеберчиликтерин арттыруу, эл аралык мелдештерге катышуу үчүн күчтүү спортчуларды аныктоо, ошондой эле шаардыктар арасында спорттун бул түрүн жайылтуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий