• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жашыл мурас. Бишкек шаарында бир күндө 900дөй көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Бир күндө Бишкек шаарынын Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин райондорунда 900дөй көчөт отургузулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара жыгач сейил багына, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында, Өкмөт аянтында жана Бишкектин башка жашыл аймактарында ясень, терек, катальпа, кайың, каштан көчөттөрү отургузулду.

Мындай ар түрдүү бак-дарактар борбор калаада жаңы сейил бактарды тезирээк жашылдандырууга жардам берет, ошондой эле абаны тазалоодо чоң роль ойнойт.

Борбор калаанын мэриясы шаарды жашылдандырууга кайдыгер карабаган шаардыктарга жана уюмдарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Бул борбор калааны өнүктүрүүгө кошкон чоң салым жана урпактарга эң жакшы мурас.

Эскерте кетсек, КР президенти Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштаган. Улуттук өнөктүктүн алкагында жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий