• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек шаарында дээрлик 90 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 89 миң 855 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, Ленин районунда – 23 миң 134, Октябрь районунда – 17 миң 799, Биринчи май районунда – 23 миң 798, Свердлов районунда 25 миң 287 үй-бүлөгө жана Апрель революциясында каза болгон жана ага катышкан жарандардын үй-бүлөсүнө – 137 үй-бүлөгө жардам берилген.

Мэриядан билдиришкендей, көп балалуу жана аз камсыз болгон, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, пенсионерлер бар үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү уланууда.

"Шаар тургандарына жардам берүү уланууда. Райондук штабдар күн сайын тизме түзүп, муктаж болгон шаар тургундары кезек менен азык-түлүк алышууда. Жардамга муктаж жарандарды толук түрдө камтуу үчүн тизмелер көмөк көрсөтүүнү каалаган уюмдарга, ишкерлерге берилүүдө. Мэрия менен бизнестин күчүн бириктирүү менен жарандарга көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү көбөйтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Сиз же кошунаңыз жардамга муктаж болсо райондук штабдарга кайрылуу болот. Билдирүүлөр күнү-түнү кабыл алынат:

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;
Ленин району: 656920, 0551 184328;
Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;
Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324.
Мэриянын ыктыярчылар штабы: 0551 573989.

Пикир

Оставить комментарий