• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкек шаарында эттин баасы туруктуу – Айыл чарба министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 5-сентябрдан 18-сентябрга чейин Бишкек шаарындагы Аламүдүн, Орто-Сай жана Ош базарларындагы эт азыктарынын бааларына мониторинг жүргүздү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 5-сентябрдан тартып эт азыктарынын орто баасы билинбей күн сайын баа алмашып жатканына байланыштуу сатуучулар 30-20 сомго чейин бааны бирде өйдө, бирде төмөн коюп келген.

Белгиленгендей, 18-сентябрдагы мониторингдин жыйынтыгында эт азыктарынын баасы салыштырмалуу туруктуу экендиги байкалды.

Пикир

Оставить комментарий