• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкек шаарында үй тибиндеги жаңы бала бакчалар ачылды

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын райондорунда "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчалар ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, бул программа КР министрлер еабинети тарабынан мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртууга багытталган.

Биринчи май районунда эки бала бакчанын ачылышына арналган салтанаттуу иш- чара өткөрүлдү. Салтанатка акимдин орун басары Айнура Арстамбекова катышты.

Программа мектепке чейинки билим берүүдөгү тоскоолдуктарды азайтууга жана балдарды мектепке чейинки кабыл алууну көбөйтүүгө багытталган.

Иш-чаранын катышуучулары балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бул долбоордун маанилүүлүгүн белгилешти.

2024-жылдын сентябрь айында Октябрь районунда үч жаңы бала бакча ачылды:

  • 4-кичи району, №46 дарегинде "Нур" бала бакчасы;
  • Мехлесхоз көчөсү, 1-8 дарегинде "Бала Ленд" бала бакчасы;
  • Көк Жар конушу, Керемет көчөсү, 85 дарегинде Wonderland бала бакчасы.

Аталган бала бакчалардын салтанаттуу ачылышы райондук администрациянын, МАБдын кызматкерлеринин, ошондой эле ата-энелердин катышуусу менен өткөрүлдү.

Свердлов районунда Аул көчөсү, 4 дарегинде "Сүйкүм" атындагы үй тибиндеги жаңы бала бакча ачылды.

Бала бакчаларда балдар үчүн бардык шарттар түзүлүп, алардын ачылышы айымдарга жаңы жумуш орундары менен камсыз кылууда.

Бала бакчалардын ачылышына арналган бардык иш-чаралар майрамдык шоу-программалар менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий