• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкек шаарында II эл аралык илимий конференция өттү

Маданият 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Бишкекте Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстерге арналган II эл аралык илимий конференция өттү.

Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги, КР президентинин алдында тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиясы, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Алтай мамлекеттик университети, "Улуу Алтай" алтаистика жана түркология боюнча илимий-билим берүү борборунун өкүлчүлүк борбору, "Мурас" фонду, Тарых жана аймак таануу институту, Журналистика жана коммуникация институту, Тарых, археология жана этнография институту биргелешип уюштурган.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, КР президентинин кеңешчи Арслан Койчиев жана башка илимий кызматкерлер катышты.

Конференция Жусуп Баласагындын "Кутадгу Билиг" чыгармасынын жазылгандыгынын 955 жылдыгына арналган. Бул иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдөн келген 100дөн ашуун докладчы жана изилдөөчүлөр катышып, Евразиянын тарыхы жана маданияты боюнча негизги маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле илимий иш-чаранын алкагында Евразиянын тарыхы жана маданиятынын ар кандай аспектилери, анын ичинде саясий жана социалдык-экономикалык процесстер, этностук өз ара аракеттенүүлөр жана археологиялык изилдөөлөр талкууланган секциялык жыйындар жана тегерек столдор өттү. Модераторлор жана докладчылар өз изилдөөлөрүн жана ачылыштарын сунуштап, илимий коомчулуктун өнүгүшүнө жана эл аралык кызматташтыктын бекемделишине салым кошушту.

Катышуучулар үчүн "Бурана мунарасы" архитектуралык-археологиялык комплексине экскурсия жана Ысык-Көлдөгү "Рух Ордо" маданий борборуна зыярат уюштурулду. Катышуучулар Кыргызстандын уникалдуу тарыхый жана маданий мурастары менен тааныша алышты.

Белгиленгендей, конференциянын жыйынтыктоочу жыйыны жана жыйынтыктары 2-июнда болуп өтөт. Конференциянын катышуучуларынын негизги жыйынтыктарын жана сунуштарын чагылдырган жыйынтык резолюциясы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий