Бишкек шаарында "Киберкоопсуздук күнү" форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарында "Киберкоопсуздук күнү" форуму өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чараны УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбору "Касперский лабораториясы" ААК менен биргеликте уюштурду. Ага мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын, телекоммуникация тармагынын, байланыш операторлорунун жана банк секторлорунун өкүлдөрү катышты.

Аталган иш-чараны УКМК төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун директору Абдыкадыр Разаев ачты.

Мындан тышкары, форумда президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы А.Ибраимов, санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана "Касперский лабораториясы" акционердик коомунун КМШ өлкөлөрү боюнча башкаруучу директору А.Кулашова сөз сүйлөдү.

Санариптик өнүктүрүү министри Кутнаева, министрлер кабинетине караштуу жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору А.Сыдыгалиев жана "Санариптик туруктуулук" ассоциациясынын директору М.Төрөбеков "Кибер туруктуулук санариптик өнүгүүнүн негизи" аталышындагы темада доклад жасады.

Пленардык сессияны талкуулоонун жүрүшүндө форумдун катышуучуларына киберкоопсуздуктун маданиятын жогорулатуу, киберкоопсуздукту камсыздоонун ыкмалары жана технологиялары, жеке маалыматтарды коргоо, ошондой эле санариптик туруктуулуктун маанилүүлүгү боюнча бир катар суроолор берилди.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында "KG" интернет-сегментинде 2024-жылдагы киберкоопсуздук маселелери боюнча заманбап тенденциялар, тобокелдиктер жана киберкоркунучтар боюнча темалар каралып, Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбор тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмөлөр айтылды.

Тактап айтканда, форумдун катышуучуларына аталган мыйзам долбоорун колдонуунун жана чечмелөөнүн тартиби кеңири түшүндүрүлүп, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооптор берилди.

Пикир

Оставить комментарий