• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Бишкек шаарында "Климат жумалыгы" өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарынла "Климат жумалыгы" өтүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жумалыктын алкагында Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу климаттык абалды жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкууланган көчмө жыйын уюштурду.

Анда "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Нурлан Жумалиев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссияны санитардык полигондун аймагында кыртышты рекультивациялоо жана катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча иштер менен тааныштырды.

Ал белгилегендей, полигондун токой аянттарына 3 миңге жакын дарактардын көчөттөрү отургузулду. Сыйымдуулугу 2 млн куб метр болгон сорттолгон таштандыларды чыгаруу үчүн уяча салынды.

Андан соң ведомстволор аралык комиссиянын катышуучуларына "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын балансында турган экологиялык жактан таза, газомотордук автобустар көрсөтүлдү.

Ишкананын директору Талантбек Капаров мониторинг бөлүмүн жана жаңыдан түзүлгөн коопсуз кыймыл классынын иши, автобус айдоочуларын кандай критерийлер менен жумушка алып жатканын айтып берди. Ошондой эле айдоочуларды окутуу үчүн сатып алынган стимуляторлор көрсөтүлдү. Комиссия газ куюучу станциясынын иши менен да таанышты.

Пикир

Оставить комментарий