Бишкек шаарында сугат иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарына сугат суусу бир нече каналдардан берилүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымака ылайык, Ала-Арча дарыясынан 1,8 куб, Жогорку Транзит каналынан 1 куб суу жана Чыгыш ЧЧКдан 1 куб метр суу берилүүдө.

"Азыркы учурда сугат иштери ишкананын жетекчиси жана агрономдордун көзөмөлүндө күндүз жана түнү бою жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери автоунаа сугатын улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, автоунаа менен сугаруу үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасынан күнүгө 12-20 унаа тартылууда.

Пикир

Оставить комментарий