• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкек шаарында жаңы автобекет курула баштады – Каныбек Туманбаев

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жаңы автобекет курулууда. Бул тууралуу Президенттин Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ага чейин Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу пайдаланып турууга автобекет даярдаган.

"Урматтуу туугандар, Бишкек шаарынын жашоочулары. Биз жаңы автобекетти куруп баштадык, ага чейин убактылуу пайдаланып турууга автобекет мэрия даярдаган. Эки күндөн бери эле “кокуй автовокзалдын абалы ушулбу!”-деп талкуу жараткан блогерлерди байкап жатам. Башка өлкөнүн вокзалдары менен салыштырып, шылдыңдоо кылгандар дагы бар.

Элге шарт түзөлү, жаңы куруп берели деген максаттарыбызды, айрымдар бурмалап тепкиге алып жатасыздар. Мындай кылбаңыздар, уят туугандар. Андан көрө элдин кызыкчылыгына багытталып жасалган жумуштарды колдоп турбайсыздарбы? Сабыр кылып турсаңыздар урматтуу президентибиз тапшырма койгон, кийинки жылы жаркыраган автобекеттүү болосуздар", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий