Бишкек шаарында "Жаштар жумалыгы" өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын 7-12-ноябрында Бишкек шаарында билим берүү, креативдүү индустрия, ден соолук темаларына арналган “Жаштар жумалыгы” өтүп жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстан Жаштар күнүнө карата “Келечек” мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында өтүүдө.

Жаштар жумалыгы ар кандай тематикалык иш-чаралар жана демилгелер аркылуу жаштарга сунушталган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлүүдө.

Ошондой эле жумалыктын алкагында “Жаштар уюмдарынын жарманкеси” уюштурулууда.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштарды, жаштар иштери боюнча мекемелерди, окуу жайларды, мектептерди, хобби ийримдерин, жаштар адистерин жана башка өнөктөштөрдү жаштар ишине тартууга, демилгелүүлүккө жана ишкердүүлүккө үндөгөн тематикалык иш-чараларга катышууга чакырат.

Маалымат үчүн: КР өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 15 токтому менен 10-ноябрь КР Жаштар күнү жыл сайын белгиленүүчү майрам катары бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий