Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 10-августта Горький көчөсүнүн Кунанбаев көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүн унаа кыймылы үчүн жабуу пландалууда.
Ал эми 11-августта Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Бишкек мэриясы жарандарга тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап алууну сунуштайт.
Пикир
Оставить комментарий