Бишкек шаарындагы акыркы күндүзгү стационар жабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы акыркы күндүзгү стационар жабылды, - деп кабарлайт шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шаарда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, бирок бейтаптар илдеттин айыгууда. «Спорт ордосунда ачылган күндүзгү стационар эртеңден тарта жабылат. Медициналык жабдуулар, орундуктар жана башка инвентарлар толугу менен дезинфекцияланды», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Шаардагы күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылгандан тарта 106 миң 222 адамга медициналык жардам көрсөтүшкөн. Дарыгердер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар болуп жалпысынан 250 адам иштеген.

«Ар бир бейтаптын саламаттыгы үчүн күрөштөр адамдарга, медицина кызматкерлерине колдоо көрсөткөн элге ыраазычылык билдиребиз. Колдооңуздар үчүн терең таазим», - деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, учурда күз-кыш мезгилине толук даярдык иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий