• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкек шаарындагы жол тыгындарын алдын алуу боюнча ыкчам кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы жол тыгындарын алдын алуу боюнча ыкчам кеңешме өттү. Бул туралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешме башкармалыктын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн демилгеси менен өтүп, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын, райондук администрациялардын жана башка кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Анда борбор калаадагы жол тыгындарын жоюу, жолдун түзүмүн, жол чырактардын иштөө шарттарын жаңылоо жана жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери каралды.

Соңунда ЖКККББ тарабынан жөнөтүлгөн сунуш жана каттарды карап чыгуу менен аларды өз убагында аткарууну колго алып, жарандардын кайрылууларын ыкчам чечүү максатында бирдиктүү байланыш каражатын түзүү боюнча чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий