Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Ысык-Ата районунун тургуну 2000-жылы туулган Б.А. кармалды. Ал Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды таңгактоо жана көмүскө жерге катып сатууну көзөмөлдөп жүргөн. Башкача айтканда, "Райондун куратору" болгон.

"Райондун куратору" күн сайын Бишкек шаарынын борборунда баңгизаттарды көмүскө жерге катып сатууну көзөмөлдөп турган.

Кармалган шектүүнүн чөнтөгүнөн 20дан ашык чапталган баңгизат табылып алынды. Ошондой эле айдап жүргөн автоунаасын кароо учурунда 29 даана даяр чапталган баңгизат табылып алынды. Алынган баңгизаттын жалпы саны 49 даана болгон.

Химиялык экспертизага ылайык, алынган заттар альфа-ПВП психотроптук зат болуп саналат.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын четинде психотроптук заттар катылган дагы бир жер табылды.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жана Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы атайын тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Чүй облусунун аймагында чөң өлчөмдөгү баңгизат катылган жер аныктаган. Ал жерден ар бири 1 грамм болгон 30 даана желим чапталмасы табылып, "мефедрон" психотроптук зат экендиги такталды. Алынган заттар 1000ден ашык бир жолку дозаны түзмөк.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы интернет-мессенджерлери жана социалдык тармактар аркылуу баңгизаттарды саткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

14 жашка толгон адам баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштар үчүн толук кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кармалгандар мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

ИИМ ата-энелерди жайкы каникул учурунда балдарды, алардын убактысын жана айлана-чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий