• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1973-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусу аныкталгандыктан, 2021-жылдын ноябрь айындагы төмөн температураны жана күзгү-кышкы жылытуу сезонун эске алуу менен убактылуу газдын сызылып чыгуусу токтотулган. Аба ырайынын жылышы менен 28-марттан 1-апрелге чейин Мурманск - Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жайгашкан газ өткөргүчтөгү газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштери жүргүзүлөт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу төмөнкү көчөлөрдүн аймагында газ өчүрүлөт: Алыкулов, Киров, Абакан, Фрунзе; Баетов көч., 1 дарегиндеги «Продимпекс» ЖЧКсы.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы жарандардан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий