• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкек шаарынын бюджетинен жаңы кошулган айылдарга каражаттар бөлүнүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкек шаарынын бюджетинен жаңы кошулган айылдарга каражаттар бөлүнүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, алгачкы бөлүнгөн дээрлик 30 млн сомдой каражат Новопавловка айыл аймагына гүл бакча курууга жумшалууда.

"Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына бир катар айылдар кошулду. Алардын бюджети 868 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын бюджети 32,5 млрд сом. Айылдар кошулуп эле бюджетибиз көбөйүп кеткен жок. Тескерисинче, биз өзүбүздүн бюджеттен айылдардын айрым көйгөйлөрүн чечүүгө каражаттарды бөлүп баштадык. Биз азыр мунун үстүндө иштерди жүргүзүп жатабыз", - деди ал.
Ошондой эле мэр шаардын жолдорун оңдоо иштерине да токтолду.

"Биз бүгүн шаарда 6 көчөнү оңдоп, бир жаңы көчөнү салып жаткан болсок, ошол жактан чыгарылган асфальттын калдыктарын жаңы кошулган айыл аймактарындагы 100дөн ашык көчөлөргө жөнөтүп жатабыз. Мунун аркасы менен жолдорду убактылуу болсо да оңдоп жатабыз", - деп айтты мэр.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкек шаарынын курамына 8 айыл аймагы, 1 айыл жана бир конуш киргизилди.

Атап айтсак, Октябрь районуна Көк-Жар айыл аймагы,
Свердлов районуна Лебединовка, Төмөнкү Ала-Арча, Аламүдүн айыл аймактары жана Мыкан айылы, Биринчи май районуна Маевка, Пригородный айыл аймактары, Ак-Дөбөн айыл аймагынын Алтын Казык конушу, Ленин районуна Новопавловка, Орок айыл аймактары кошулган.

Пикир

Оставить комментарий