• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкек шаарынын куткаруу кызматына жаңы шаймандар тапшырылды

Коом 0


Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-август күнү Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматына атайын куткаруу шаймандары тапшырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Куткаруу шаймандарын тапшыруу иш-чарасына министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Э.Жусупов жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов куткаруучулардын куткаруу иштериндеги күжүрмөндүгүн белгилеп, күнү-түнү кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткарып келгендигин баса белгиледи. Ал жаңы алынган куткаруу шаймандары куткаруучулардын ишин бир кыйла жеңилдетип, издеп-куткаруу иштеринде ийгилик жаратарына ишеним артты.

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Куткаруу кызматына шаймандарды тапшырып жатып, өз өмүрүн тобокелге салып, кесибин сүйүп иштеген куткаруучуларды жаңы шаймандары менен куттуктады. ӨКМдин жалпы жамаатына ыраазычылык айтып, мындан ары да жергиликтүү бийликтен колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөнүн казынасынан 2 жарык берүүчү каражат, заманбап “Holmatro” авариялык-куткаруу шайманы, куткаруу иштериндеги эң керек болгон темир кескичтер жана альпинистик куткаруу шаймандары министрлик тарабынан берилди. Ал эми Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн каражатка учкучсуз учуучу аппараты (дрон), суучулдардын кийимдери, үйлөмө кайык, 2 мотопомпа, байланыш каражаттары, куткаруучулардын машыгуусу үчүн спорттук шаймандар да алынган.

Пикир

Оставить комментарий