• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Бишкек шаарынын мэри Саха Республикасынын башчысы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 30.11.24. /Кабар/. Бишкекте шаар мэри Айбек Жунушалиев менен Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаевдин жолугушуусу өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууга Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, мэрдин орун басарлары жана башкалар катышты.

Анда Бишкек шаары менен Саха Республикасынын шаарларынын ортосундагы муниципалитеттер аралык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, атап айтканда жол кыймылын автоматташтыруу, анын ичинде "акылдуу" светофорлорду жана видеобайкоону колдонуу, ошондой эле шаардык инфраструктураны башкаруу үчүн кырдаалдык борборлорду түзүү, маданий-гуманитардык чөйрөдө, билим берүү жана спорт жаатында кызматташуу талкууланды.

Тараптар шаарды башкаруу, транспорт инфраструктурасы жана экология жаатында тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары күн мурун Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев жана мэрдин орун басары Виктория Мозгачева Максим Аммосовдун бюстуна гүл коюу аземине катышты.

Белгилей кетсек, Максим Аммосов азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жылдарында Кыргызстанды жетектеген Якутиянын улуу уулу. Ал өз элинин жана өз доорунун улуу уулу болгон, якут элинин гана эмес, Казакстан менен Кыргызстандын элдеринин тарыхында өчпөс из калтырып, совет доорунда партиялык-мамлекеттик жетекчи болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий