• 87
  • 91.29
  • 0.84

Бишкек шаарынын мэри шайлоо өнөктүгүнө катышты

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышып, борбордогу N°1221 шайлоо участкасынан добуш берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, добуш берүү күнүндө Бишкекте 268 шайлоо участкасы иштейт. Алардын баары шайлоо бюллетендери үчүн автоматтык эсептөөчү урналар менен жабдылган, операторлор жаңыланган жабдуулар менен иштөөгө окутулган.

Бишкекте аралыктан добуш берүүгө арыздардын кыйла көп саны – дээрлик 5 миң арыз катталган.

Добуш берүү күнүндө аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдирген шайлоочулар үчүн төмөнкү даректер боюнча 4 шайлоо участкасы ачылды:

Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М.Фрунзе көчөсү, 547);
Октябрь райондук мамлекеттик администрацисынын имараты (Байтик Баатыр көчөсү, 17);
К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана (А.Огонбаев көчөсү, 242);
А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Ю.Абдрахманов көчөсү, 167).

Пикир

Оставить комментарий