• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы түнкү сугат иштерине уруксат берүү тартибин жөнөкөйлөштүрдү

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. “Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы түнкү саат 00.00дөн таңкы 5.00гө чейин ичүүчү суу менен жашыл аянтчаларды сугарууга уруксат берүү тартибин жөнөкөйлөштүрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эми жеке сектордун жашоочулары суу чарба ишканасына кайрылбай, кезекке турбай, почта, терминал, электрондук капчык аркылуу, башкача айтканда, каалаган ыңгайлуу жол менен төлөмдөрдү жүргүзүп, түнкүсүн гана сугаруу уруксатын автоматтык түрдө ала алышат.

Белгилей кетсек, Бишкекте сугат мезгили салтка айлангандай 1-майда башталат.

Борбор калаанын мэриясы жеке участокторду сугаруу үчүн төлөм суу эсептегичтердин көрсөткүчү боюнча жана эсептегич жок болгон учурда бекитилген керектөө нормалары боюнча төлөнөрүн эскертет. Төлөм жер участогуна техникалык планга ылайык белгиленген жеке участоктун аянтынын негизинде эсептелет.

Уруксатсыз ичүүчү суу менен сугаруу фактысы аныкталган учурда абонентке КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 119-беренесине жана “Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын пайдалануу” эрежелеринин 5.2-пунктуна ылайык чара көрүлөт.

Эскерте кетсек, сугатка байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:

- Свердлов району: 59-55-90;
- Биринчи Май району: 56-60-86;
- Октябрь району: 59-51-61;
- Ленин району: 56-60-12.

Пикир

Оставить комментарий