• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкектин тургуну радикалдык көз караштан баш тартты - видео

Коом 0


Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Экстремисттик жашыруун топтордун активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон Бишкек шаарынын тургуну радикалдык көз караштан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын натыйжасында КР жараны 1985-жылы туулган, Бишкек шаарынын А.Н.М. аттуу тургуну радикалдык көз карашынан баш тартты.

Ал 2022-жылдан бери "Хизбут-Тахрир" ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтордун активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон.

Профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө А.Н.М. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдирүү менен жарандарды “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Учурда УКМК тарабынан “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча иштер улантылууда.

Белгиленгендей, УКМК Кыргызстандын аймагындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий