• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Бишкек шаарынын тургунун дээрлик 30 миң долларга алдап кеткен шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Бишкекте чала таанышын дээрлик 30 миң долларга алдап кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Бириккен Араб Эмиратынан Lexus GX-460 үлгүсүндөгү автоунаа алып келип берем деп 29 миң 500 доллар өлчөмүндөгү акча алып качып кеткен Б.Б.га карата чара көрүп берүүнү суранган.

Окуя боюнча Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Б.Б. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен камакка алынды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

"Эгерде Б.Б.нын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, кийинки номерлер боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына кайрылууңуздарды суранабыз 0703 91 36 80, 0777 01 17 84",- деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий