Бишкек шаарынын вице-мэри шаар тургундарын себепсиз үйдөн чыкпоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов учурда коронавирустун жайылуу тобокелдиги бар экенин айтып, жарандарды себепсиз үйдөн чыкпоого чакырды.

"Жумушка барган, медициналык жардамга кайрылган, кызмат алууга, азык-түлүккө барган учурлардан башкасында жарандарды үйүнөн чыкпоосун сунуштайбыз. Коомдук жайларда болгондо жеке коргонуу каражаттарын колдонуусун суранабыз. Жарандык жоопкерчиликке жана учурдагы кырдаалга сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырабыз. Вирустун белгилери пайда болгон учурда 112 же 1850 номерлерине кайрылууну суранабыз. Шаарда 20 көчмө бригада иштеп жатат. Алар сиздердин чакырууңуздар менен барып, коронавирустун белгилери болгон учурда сиздерден анализ алат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий