• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкек: Шайлоо участокторунун даярдыгы текшерилди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.07.21. /Кабар/. Бишкектин биринчи вице-мэри, вице-мэрлери жана райондук администрациялардын башчылары шайлоо участокторунун даярдыктарын текшерүүнү улантууда, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу, материалдык жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча шаардык кызматтардын бекитилген кызматкерлери участкалык шайлоо комиссияларында даярдыктарды өткөрүүдө.

Борбор калаада 228 шайлоо участкасы даярдалды: Ленин районунда - 62, Октябрь районунда - 59, Биринчи май районунда - 49, Свердлов районунда - 58.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлунда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий