• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкек түрк дүйнөсүнүн санарип борборуна айланат

Коом 0

Бишкек, 06.11.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкек түрк дүйнөсүнүн санарип борборуна айланат. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү саммитте төрт маселенин негизги өтүүдө.

"Саммиттин башкы темасы - түрк мамлекеттеринин күчтөнүүсү, экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана коопсуздук. Ушул төрт маселе каралат. 15 келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Анын ичинде Бишкек декларациясы кабыл алынат. Анда 100дөн ашык ар кандай маселелер бар. Түрк мамлекеттер уюмундагы мамлекеттердин туризм боюнча жетекчилеринин жолугушуусунан кийин Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туризм борбору аталды. Бүгүнкү документтердин биринде Бишкек түрк дүйнөсүнүн санарип борбору болору айтылат", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-саммити болууда.

Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө.

“Ынтымак Ордодогу” жыйынга ТМУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышууда.

Пикир

Оставить комментарий