• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Бишкек-Ташкент аба каттамы иштеп баштады

Коом 0

Бишкек, 24.12.17 /Кабар/. Бишкек-Ташкент аба каттамы иштеп баштады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-декабрда Бишкек шаарынан биринчи учак саат 12:30 учуп кетти.

Белгилей кетсек, бул каттам боюнча учактар жумасына 2 ирет каттап турат. Ошондой эле 2018-жылдан баштап Ош-Ташкент-Ош аба каттамын жаңыртуу пландалууда.

Эскерте кетсек, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун үстүбүдөгү жылдын 13-14-декабрында Өзбекстанга барган расмий сапарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы аба каттамдарын кайра калыбына келтирүү макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий