Бишкек-Токмок унаа жолундагы кырсыктан эне бала каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.17 /Кабар/. Бишкек-Токмок жолунда эки унаа кагылышып, эки адам аял жана баласы каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй ОИББнын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.

Анын айтымына караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең мененки саат 8:00 унаа жолдун 41-чакырымында болгон. Nissan унаасынын айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Audi-100 унаасы менен кагылыша кеткен. Кырсык болгон жерден 37 жаштагы Audi-100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана анын 68 жаштагы апасы каза болгон.

Nissan унаасынын 29 жаштагы айдоочусу алган жарааттарынан улам ооруканага жаткырылды. Милициядан билдиришкендей, ал мас абалында болгон.

Пикир

Оставить комментарий