Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта Кемин районунда Бишкек – Торугарт трассасы менен айланып өтмө жолдун кесилишинде 4 унаа кагышты.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы баркармалыгынын басма сөз кызматы агенттикке билдиргендей, болжолдуу маалыматтар боюнча, тез жардам унаасы келип, азыркы учурда жеринде иш жүрүп жатат.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, «Хонда Инспайер» унаасында бир курмандык бар. Жол кырсыгы боюнча кошумча маалымат берилет.
Учурда тергөө-ыкчам тобу жеринде иш алып барууда.
Пикир
Оставить комментарий