• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек-Торугарт жолунда айдоочу милициянын подполковнигин өлтүрө сүзүп кетти

Аймак 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Бишкек-Торугарт айланма жолунда белгисиз айдоочу милиция кызматкерин сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-январь күнү болжол менен саат 01:00дө Бишкек-Торугарт жолунун 16-чакырымында Алга айылында батыштан чыгышты көздөй бара жатып белгисиз айдоочу 35-40 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал сүзүп кеткен жаран алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Качып кеткен айдоочуну кармоо үчүн милиция кызматкерлерине багыттамалар берилип, “Тосуп кармоо” иш мерчеми киргизилип, посттор коюлган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында белгисиз жөө жүргүнчүнүн өздүгү такталып, ал Нарын облусунун Ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкери, милициянын подполковниги 37 жаштагы Күнболот Касымалиев экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий