• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкек троллейбус башкармалыгы кайрымдуулук жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгы "Оберег" реабилитациялык борборуна кайрымдуулук жардам көрсөттү.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бөлүнгөн каражатка азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү буюмдар алынды.

Реабилитациялык борбор 2003-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, өспүрүмдөр жана жаштар үчүн түзүлгөн. Уюмдун ишмердүүлүгү конокторду ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган. Булар психикалык жана физикалык жактан эң татаал оорулары бар балдар: церебралдык шал оорусу, эпилепсия, Даун синдрому, акыл-эси артта калуу, аутизм (баары 10 жаштан жогорку курактагы 1 жана 2-топтогу майыптар).

Эске салсак, борбор калаанын мэриясы быйыл кайрымдуулук үчүн жаңы жылдык корпоративдерди өткөрбөө чечимин кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий